Бишкек шаарында жугуштуу оорулар күч алды. Ооруканага келгендердин 80 пайызы жаш балдар. Бул тууралуу Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынан билдиришти.
Маалыматта кызылча, суу чечек, вирустук инфекция жана курч ичеги-карын инфекциясы менен ооругандардын саны көп болуп жатканы айтылат.
Учурда бир күндө ооруканага кайрылгандардын саны 320га чейин жетүүдө. Ал эми ооруканада 478 бейтап дарыланып жатат. Алардын ичинен 105и курч ичеги-карын инфекциясы менен түшкөндөр.