Орусияда 500гө жакын Кыргызстан менен Тажикстан жарандарынын ортосунда массалык мушташуу орун алды. Бул тууралуу маалыматты Орусиядагы Кыргызстандын элчилигинен тастыкташты.
Маалыматка караганда, жаңжал 23-июнда Иркутск облусундагы Ковыкта газ конденсаты кенинде болгон. Пикир келишпестик тамактануу учурунда кимдир бирөөлөрдүн ашканага кезексиз кирүүгө аракет кылганы менен башталган. Тамактангандан кийин эки тарап өз ара сүйлөшүүгө аракет кылган, жыйынтыгында массалык мушташуу башталып кеткен.
Орусиялык басылмалардын жазган маалыматына ылайык, пикир келишпестиктен улам 10 адам: А.Маматов, Ф.Чоршанбиев, М.Нормуратов, А.Алмазбеков, А.Билалов, Б.Сайдалиев, Б.Атырбеков, Д.Сафаров, М.Искандар аттуу жарандар жаракат алышкан.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча жаракат алгандардын ичинде кыргызстандык 5 жаран бар. Алар ар кандай оордуктагы жаракат алышканы, бирөөсү ооруканага жаткырылганы кабарланды.
Учурда полиция кызматкерлери тарабынан окуя иликтенүүдө.