Жалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту маалымдайт.
Белгилүү болгондой, жер титирөө бүгүн, 26-июнда саат 09:08де катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.
"Сузак районунун Таралча, Канжыга айылдарында - 2,5 баллга чейин сезилген", - деп айтылат билдирүүдө.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.