Эртең, 27-июнда өлкөнүн тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.
Маалыматта батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жете турганы айтылат.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +30…+35,
Талас облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +30…+35,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +23…+28,
Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +24…+29.
Ал эми борбор калаа Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18, күндүз 31…33 градус болот.