Ош. Бүгүн Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына арналган дилбаян сынагынын жыйынтыгы чыгарылат

Бүгүн, 12-декабрь - залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата 12-ноябрдан 12-декабрга чейинки жарыяланган дүйнөлүк адабият классикасына арналган бир айлыктын жыйынтыгы чыгарылмакчы. Атайын жарыяланган айлыктын негизинде мектептерде, жогорку окуу жайларда, ишкана-мекемелерде, мугалимдер жана медицина кызматкерлеринин арасында сүрөт көргөзмөлөр, илимий конференциялар, дилбаян конкурсу жана эскерүү кечелери өткөрүлгөн.  

“Аталган бир айлыктын алкагында бардык багыттар боюнча иш-чаралар өткөрүлгөн. Жазуучунун туулган күнүнө карата жеңүүчүлөр аныкталмакчы. Бардык жеңүүчүлөр шаардык жетекчилик тарабынан Ардак грамота жана баалуу белектер менен сыйланмакчы”,- дейт бул тууралуу мамлекеттик тил боюнча жетектөөчү адис Эркайым Маматкерим кызы. Мындан сырткары 17-декабрда жазуучунун өмүр баянын, жашоосун камтыган сүрөт көргөзмө өткөрүлөрү пландалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан