Москвада контр-террордук операцияга байланыштуу киргизилген чектөөлөр алынды

Москвада контр-террордук операцияга байланыштуу киргизилген чектөөлөрдүн бардыгы алып салынды. Бул тууралуу орус басылмалары жарыялады.

Маалыматка ылайык, москвалыктар 26-июндан баштап мурдагыдай эркин жүрө алышат. Шаар мэри Сергей Собянин 1-июль күнү мектеп окуучуларынын бүтүрүү кечеси да боло турганын маалымдаган.

Эске салсак, 24-июнда Орусиядагы "Вагнер" жеке менчик аскердик компаниясынын лидери Евгений Пригожиндин Москвага жасаган жүрүшүнө байланыштуу өлкөдө контр-террордук режим жарыяланган. Ал эми шаарда коомдук кыймыл чектөөгө алынып, массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан