Валентина Шевченконун кезектеги беттеши ким менен болору белгилүү болду

Кыргыз мушкер айымы Валентина Шевченко чемпиондук курун тарттырып жиберген мексикалык Алекса Грассо менен кайрадан күч сынашат. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, эки мушкердин беттеши 16-сентябрда Лас-Вегаста өтө турган UFC турниринде орун алып, кеченин башкы беттештеринин бири болот.

Эске салсак, Валентина Шевченко ушул жылдын март айында 29 жаштагы Алекса Грассого жеңилип, чемпиондук титулун тарттырып жиберген. Атаандашы аны 4-раундда аркасына өтүп, муунтуу ыкмасы менен утуп алган эле. Мекендешибиз ага чейин чемпиондук курун жети ирет ийгиликтүү коргогон.

Учурда UFC уюмунда жеңил салмактагы айымдардын рейтингин Алекса Грассо жетектеп турса, Валентина Шевченко 2-орунда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан