Өлкөдө апта ичинде 20 миң 963 жол эрежесин бузуу фактылары аныкталды

Кыргызстанда 17-июндан 23-июнга чейин 20 миң 963 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 233 айдоочу тиешелүү документтери жок унаа айдаса, 220 айдоочу мас абалында болгон. Унаалардын айнектерин мыйзамсыз караңгылатуу боюнча 64 факты, авто бейбаштык боюнча 9 факты аныкталган.

Мындан тышкары, жөө жүргүнчүлөрдүн катышуусу менен 833 жол эрежесин бузуу катталган. 4,6 миңден ашык айдоочу унааларды башкаруу эрежесин бузган, 4,1 миңден ашык айдоочу ылдамдыкты чектен ашырган. Ал эми 10 миң 859у башка жол эрежесин бузуу фактылары.

Белгилей кетсек, 1550 унаа айып жайга коюлган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан