Түндүк Кореянын баш калаасында он миңдеген адамдар көчөгө чыгып, өлкө лидерин АКШга өзөктүк сокку урууга үндөштү. Бул тууралуу бүгүн, 26-июнда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалымдалгандай, кечээ, 25-июнда Пхеньянда Корея согушунун башталышынын 73 жылдыгына арналган митингге 120 миңдей адам чыкты. Митингчилер Кошмо Штаттарды жок кылуу максатында "өч алуу согушуна" чакырган ураандар менен чыгышкан.
Алар "АКШнын бардык материктери биздин атышуубузда" жана "империалисттик АКШ дүйнөнү кыйратуучулар" деген ураандар менен плакаттарды кармап турушкан.
Ага ылайык, жергиликтүү маалымат каражаттары (анын ичинде Кореянын борбордук телеграф агенттиги) бул күнү Түндүк Корея азыр "АКШнын империалисттерин жазалоо үчүн эң күчтүү абсолюттук куралга ээ" жана "бул жердеги өч алуучулар душмандан өч алуу үчүн майтарылбас эрк менен күйүп жатышат" деген маалыматтарды жарыялашкан.
Мындан тышкары Түндүк Кореянын тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү АКШ өзөктүк согушту тутандыруу үчүн катуу аракет жасап жатканын жана Вашингтонду аймакка стратегиялык активдерди жөнөткөн деп айыптап жатканын расмий билдиришкен.
Эске салсак, ушул жылдын июнь айында Түндүк Корея өзөктүк арсеналын көбөйтүүгө ниеттенип жатканы белгилүү болгон. Түндүк Кореянын жетекчилиги коргонуу чөйрөсүн жарым аралдагы коопсуздукту камсыз кылуу үчүн куралдарды иштеп чыгууга жана өзөктүк потенциалды чыңдоого көңүл бурууга чакырды.
Ал эми ушул жылдын апрель айында маалымат каражаттары Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Америка Кошмо Штаттары менен Түштүк Кореяга каршы туруу үчүн "чабуул коюучу" өзөктүк экспансияны кыйытты деп жазышкан. Пхеньян Вашингтон менен Сеулдун биргелешкен аскердик машыгуулары агрессивдүү мүнөзгө ээ деп эсептейт. Буга байланыштуу КЭДР лидери кыска мөөнөттө армиянын санын көбөйтүүгө буйрук берген.