Ысык-Көлдү таштандылардан тазалоо иштери кызуу уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, көлдүн түбүн тазалоо иштеринин 91-күнү жүрүп жатат. Соңку бир апта ичинде Бостери айылындагы “Золотые пески”, Чолпон-Ата шаарындагы “Лагуна” “Голубой Иссык-Куль”, Ч.Айтматов атындагы “Рух-Ордо” маданий комплекси, Бактуу-Долоноту айылындагы “Ден-соолук, “Каприз” пансионаттарынын аймагында тиешелүү көл түбү ар түрдүү акыр-чикирден тазаланды.
Аталган иштер 12-мартта башталган. Андан бери Ысык-Көлдүн астынан 7 миң 505 килограмм таштанды, 96 миң метрге жакын балык уулоочу тор табылганы кабарланды.