Бүгүн, 27-июнга караган түнү Бириккен Араб Эмиратындагы Аджман шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн биринен өрт чыкты. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, окуя таңкы саат 03:30да болгон. Анда бийиктиги 30 кабаттан жогору болгон үйдө өрт чыккан. Өрт тез эле жайылып, имараттын капталы жарым-жартылай күйгөн. Болжол менен саат 07:00дө өрт толугу менен өчүрүлгөн. Ал эми расмий маалыматтарга караганда, кырсыктан каза тапкандар жана жаракат алгандар жок.
Учурда өрттүн келип чыгуу себептери аныкталып жатканы айтылат.