АКШдагы торнадодон 3 адам каза тапты (видео)

АКШдагы торнадодон улам 3 адам каза тапты. Бул тууралуу The New York Times басылмасы жазып чыкты.

Маалым болгондой, табигый кырсык 25-июнда Индиана штатында болгон. Анда 3 адам каза таап, бир адам ооруканага жеткирилгени айтылууда. Ал эми жаракат алгандар боюнча бийлик өкүлдөрү маалымат бере элек.

Ошондой эле торнадонун кесепетинен 75 үй жараксыз абалга келген, 5 миң километр жол бузулган. Айрым аймактарда электр мамылары үзүлүп, 16 миңден ашык адам электр жарыгысыз калган. Ал эми Индианаполис аэропортунда бардык каттамдар токтотулган.

Учурда жолдор тазаланып, жарандарды куткаруу иштери жүргүзүлүүдө. Полиция департаментинен билдиришкендей, келтирилген чыгымдын көлөмү эсептелинип жатат.

Эске салсак, буга чейин АКШнын бир нече штатында торнадо катталган. Адистер аба ырайынын кескин бузулушунан дагы бир нече аймакта табигый кырсык катталышы мүмкүн экенин эскертүүдө.

АКШдагы торнадодон 3 адам каза тапты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан