1-июлда Чүй проспектисинин бир бөлүгү жабылат

Бишкекте 1-июлда саат 18:00дөн 00:00гө чейин Чүй проспектисинин Панфиловдон Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда калаа мэриясынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, ушул ишембиде борбордук "Ала-Тоо" аянтында "Чек талап кылып – байге утуп ал!" лотереясы өтөт. Анда 10 электромобиль жана чет өлкөгө 3 жолдомо ойнотулат.

Калаа мэриясы иш-чарага байланыштуу Чүй проспектисинин бир бөлүгү жабыларын белгилеп, шаардыктарга маршрутту алдын ала пландаштырып алууну эскертет.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан