"Вагнерчилердин" согуштук техникасы Орусиянын куралдуу күчтөрүнө тапшырылат. Курал-жарактарды өткөрүп берүүгө даярдыктар жүрүп жатканын департамент тастыктаган. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Ага ылайык, мамлекет башчынын мурдагы жардамчысы, президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары Владислав Сурков "вагнерчилердин" Орусиядагы ишмердүүлүгүнө каршы пикирин билдирди. Анын айтымында, жеке аскердик компаниянын идеясы Батыштан алынган жана ал орус аскердик, саясий маданиятына туура келбейт.
Эске салсак, кечээ, 26-июнда жеке ишкер Евгений Пригожин "вагнерчилер" Орусияда бийликти кулатуу эмес, нааразычылык акциясына чыгуу үчүн жүрүшкө чыкканын билдирген.