"Путиндин ашпозчусу болгон". Орусиянын үшүн алган Пригожин жана анын "Вагнер" компаниясы тууралуу фактылар

23-июндагы Орусиядагы козголоңдон кийин Евгений Пригожиндин ысымы маалымат каражаттарында байма-бай жазылууда. Абактан ишкердикке өтүп, кийин “Вагнер” аскер жана командирлер тобунун лидери болгон Пригожин "Путиндин ашпозчусу" катары да белгилүү. Төмөндө Пригожиндин ким экени, ишкердиктеги жолу жана жеке аскердик компаниясы тууралуу баяндайбыз.

Өмүр баяны

Евгений Пригожин 1961-жылы 1-июнда Ленинградда туулган. Атасы кичинекей кезинде каза болуп калгандыктан, апасы, медицина кызматкери Виолетта Пригожина баласын жалгыз тарбиялаган. Кийин Пригожин өгөй атасы, спорт боюнча инструктор Самуил Жаркойдун таасири менен жеңил атлетика боюнча мектеп-интернатын аяктаган. Бирок окууну аяктагандан 2 жыл өтпөй "уурулук" беренеси боюнча эки жылга соттолгон. Муну менен Пригожин токтоп калган эмес. Абактан чыккандан кийин кайрадан " уурулук, алдамчылык жана өспүрүмдөрдү кылмышка аралаштыруу" беренелери боюнча 12 жылга эркинен ажыратылган. 1980-жылдардын аягында гана мөөнөтүнөн мурда боштондукка чыккан. Абактан бошотулгандан кийин Пригожин Ленинград химия-фармацевтикалык институтуна тапшырган. Бирок ишкердикке катуу кызыгып жүргөндүктөн, жогорку билимге ээ боло алган эмес.

Ишкердикке болгон кадам

Пригожин алгачкы ишкердигин абакта жүргөндө эле баштаган. Ал сувенирдик буюмдарды жасаган абактагылардын бригадири болгон жана ошол убакта жетишээрлик акча каражатын тапкан. Кийинчерээк, абактан чыккандан кийин өгөй атасы менен хот-дог саткан бир нече сатуу түйүндөрүн ачса, 1995-жылы шарап бар-магазинин ишке киргизген. Ал эми ишкер катары ага атактуулукту Петербургдун ортосунда жайгашкан “Эски Бажы” элиталык рестораны алып келген.

Мындан тышкары, Пригожиндин суу үстүндө жайгашкан “Нью Айланд” рестораны аны “Путиндин ашпозчусу” болуусуна себеп болгон. Себеби аталган ресторанда Владимир Путин маанилүү сүйлөшүүүлөрдү, жолугушууларды өткөрүп турган. Алсак, 2001-жылы Франция лидери Жак Ширак менен, 2002-жылы АКШ президенти Жорж Буш менен дал ушул мекемеде сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Ошондой эле айрым маалымат каражаттарында, Путин туулган күнүн дагы ушул ресторанда өткөргөн.

2000-жылдары Пригожин тамактанууда негизги басымды жеринен барып кызмат көрсөтүүгө жасаган. Анын натыйжасында, Кремлдеги кабыл алууларды, президенттин инаугурациясы сыяктуу статустук иш-чараларга кызмат кыла баштаган.

Пригожин андан сырткары курулуш тармагында дагы алектенген. Ал Петербургда “Түндүк Версаль” турак жайын жана “Лахта Плаза” комплексин курган.

“Вагнердин” лидери катары

"Вагнер" жеке аскердик компаниясы 2014-жылы негизделген. Ошол убактан бери “Вагнер” Украинанын чыгышындагы, андан кийин Сириядагы согуштук аракеттерге катышкан. Батыш өлкөлөрү болсо “Вагнер” Ливия, Судан, Мозамбик жана Малиде да иш алып барганын билдирген.

Пригожин 2022-жылга чейин “Вагнерге” байланышы жок экенин айтып келген. Бирок 2022-жылдын күзүндө Пригожин “Вагнер” анын долбоору экенин мойнуна алып, буга чейин байланышты четке кагып келгенин “конспиративдик зарылчылык” деп түшүндүргөн.

Пригожин 2014-жылы Донбасска өзү барып, орустарды коргой турган топту жалдоо үчүн акча сарптаганын, бирок баарын өзү уюштурса, дагы натыйжалуураак болот деп ойлогонун басылмаларга берген маегинде билдирген.

Ал эми АКШнын Орусиянын жеке аскердик компанияларына болгон биринчи санкциялары 2016-жылы киргизилген. 5 жылдан кийин Американын изилдөө бюросунун федерациясы Евгений Пригожинди издөөдө жүргөндөрдүн тизмесине киргизип, "Вагнер" жеке аскердик компаниясы менен байланышы бар бир катар компанияларга, анын ичинде “АКШдагы шайлоолорго кийлигишкени үчүн” санкция киргизген.

“Атайын аскердик операция” учурунда

Орусиянын басылмалары Пригожиндин Коргоо министрлиги менен болгон пикир келишпестиги 2022-жылы эле башталганын жазып чыгышкан. Бирок пикир келишпестиктин негизгиси катары Бахмут шаарын басып алууда Пригожин Коргоо министрлиги “Вагнерди” ок-дары менен камсыз кылбагандыктан, снаряддардын жетишсиз болуп жатканын айтканы менен башталган. Анда Пригожин каза болгон вагнерчилердин жанында туруп, Коргоо министри Сергей Шойгу менен Куралдуу күчтөрдүн генаралдык штабынын башчысы Герасимовго "Снаряддар кайда?" деген суроо менен кайрылып, уят сөздөр менен сүйлөгөн.

Бахмутту” Коргоо министрлигинин аскер кызматкерлерине өткөрүп бергенден кийин, Пригожин пресс-конференцияларга катышып, саясатка барбай турганын билдирген. Кийинчерээк, орус басылмалары Пригожин орусиялыктар ишенген алдыңкы беш адамдын тизмесине кошулганын жазып чыгышкан.

Ошондой эле июнь айынын башында Пригожин “Атайын аскердик операция”аймагында тамак берүүнү ишке ашырган өзүнүн “Конкорд” компаниясын аталган кызматтан бошотууну өтүнгөн. Мындан сырткары, Пригожин ыктыярдуу отряддардын мүчөлөрү менен Коргоо министрлигинин ортосундагы келишимдерге кол коюу буйругунун “Вагнер” жеке аскердик компаниясына тиешеси жок экенин билдирген.

Пригожиндин козголоңу

23-июнда Пригожин Коргоо министрлигинин бөлүктөрү "Вагнер" лагерине ракета атышып, "көп сандагы согушкерлерди" өлтүргөнүн айтып чыккан. Бирок Коргоо министрлиги Пригожиндин айтканын төгүндөп, муну “маалыматтык чагым” деп атаган.

Эртеси күнү Пригожин 25 миң "вагнерчилер" өлкөдөгү "башаламандыктын" себебин аныктоо үчүн бара жатканын айткан. Көп өтпөй “Вагнер” Ростов-на-Донудагы Түштүк аскер округунун штаб-квартирасын кагылышуусуз эле басып алган. Алардын бир бөлүгү шаарда калса, калгандары аскер техникасы менен Москваны көздөй жөнөшкөн.

Владимир Путин чукул кайрылуу жасап, “Вагнердин” аракетин “чыккынчылык” деп атап, козголоңду уюштургандарды токтотуу үчүн буйрук берилгенин билдирген. Ал эми Пригожинге кылмыш иши козголуп, 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экени кабарланган.

24-июнда “Вагнерлер” Ростов, Воронеж, Липецк облустарын басып өтүп, Москва облусуна чейин кирип келишкен. Бул убакыттын ичинде Пригожин менен сүйлөшүүлөр болуп, анын ичинде Беларусь президенти Александр Лукашенконун дагы сүйлөшүү жүргүзгөнү айтылган. Көп өтпөй, Пригожин “Вагнер” машыгуу лагерине, өзү Беларусь өлкөсүнө кетип жатканын билдирген.

Жеке жашоосу

Евгений Пригожин өзүнөн 9 жаш кичүү мурдагы фармацевт Любовь Пригожинага үйлөнгөн. Алардын ортосунда 30 жаштагы Полина менен 18 жаштагы Вероника аттуу кыздары жана 25 жаштагы Павел деген уулу бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан