"Мындан ары дыйканчылык кылам". Нарындын тургуну кылмыштуу топтун мүчөлүгүнөн баш тартты (видео)

Нарын облусунда 47 жаштагы тургун уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлүгүнөн баш тартты. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, кылмыш дүйнөсүндө “Точка” деген каймана ат менен белгилүү болгон Б.А.нын (К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү) жергиликтүү кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, ИИМдин маалымат базасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турган М.Т.И. кылмыштуу аракеттерден жана көрсөтүлгөн чөйрөдөгү адамдар менен баарлашуудан баш тартты.

"Буга чейин Ак-Талаа эли мени Камчы Көлбаевдин, Баха Точканын кылмыштуу тобунун мүчөсү деп таанып келишкен. Мындан ары бул кылмыштуу топтон баш тартам, такыр аралашпайм. Дыйканчылык менен алектенип, өзүмдүн иштеримди кылам. Ак-Талаа элине туура эмес иштерди кылган болсом, кечирим сурайм", - деген ал.

Видео: УКМКнын маалымат кызматы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан