Акылбек Жапаров Соң-Көлдө дүйнөнү кыдырып жүргөн белгилүү туристтердин тобу менен жолукту (видео)

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында дүйнөнү кыдырып жүргөн белгилүү туристтердин тобу менен Соң-Көлдө жолукту. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, өз сөзүндө Акылбек Жапаров дүйнөнүн туш тарабынан келген туристтер Кыргызстандын керемет жерлерин акысыз жарнама кылып берерин, аны менен туризм тармагы өнүгөрүн билдирди.

"Бул туристтер жөнөкөй туристтерден эмес. Алар дүйнөгө белгилүү ишкерлер жана инвестиция салууга кызыкдар адамдар. Алар белгилүү “Кутурган Макс” (“Безумный Макс”) тасмасынын стилиндеги унаалар боюнча MadWay Rally жарышын Кыргызстанда өткөрөт", - деп айтылат билдирүүдө.

Видео: Кыргыз өкмөтү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан