Курман айтта 6 миң милиция кызматкерлери коопсуздукту камсыздашат

Өлкөдө 28-июнда Курман айт майрамы белгиленип жаткандыгына байланыштуу коомдук коопсуздукту миңдеген милиция кызматкерлери көзөмөлдөшөт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо, укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын алуу максатында күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат.

Аталган майрамдык иш-чарада коомдук тартипти сактоого республика боюнча 6 миңге жакын милиция кызматкери тартылат.

Мындан тышкары миңден ашык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери атайын посттордо иш алып барышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан