2024-жылы Парижде өтө турган Жайкы олимпиада оюндарында алкоголдук ичимдиктерди колдонууга уруксат берилбейт. Мындай чечимди аталган спорттук иш-чаранын уюштуруучулары кабыл алганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, күйөрмандар спорттук мелдештер өтүп жаткан аянтчаларда жана трибуналарда алкоголдук ичимдиктерди иче алышпайт. Бирок атайын даярдалган VIP зоналарда бул түр ичимдиктерди сатуу мүмкүнчүлүгү каралган.
Буга чейин 2021-жылдагы Токио олимпиадасында да коронавирус пандемиясына байланыштуу алкоголдук ичимдиктерге тыюу салынган. Ал эми Рио-2016 жана Лондон-2012 олимпиадаларында эркин колдонуу мүмкүнчүлүгү берилген.
Белгилей кетсек, Париждеги олимпиада 2024-жылы 26-июлдан 11-августка чейин өтөт.