ТИМ Самарадагы жол кырсыктан жаракат алгандар боюнча маалымат берди

Орусиянын Самара облусундагы жол кырсыгында жаракат алгандардын арасында Кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсыктан улам оор жаракат алган 7 адам ооруканага жеткирилген. Алардын арасында кыргыз жарандары жок.

Ал эми мурда белгиленгендей каза тапкан 6 адамдын экөөсү кыргызстандык 31 жана 44 жаштагы жарандар болгон. Экөө тең кырсыкка кабылган унаанын айдоочулары экендиги кабарланды.

Эске салсак, бүгүн, 27-июнга караган түнү саат 00:05тер чамасында (ред.: Кыргызстандын убактысы менен 3:05) Самара - Большая Черниговка унаа жолунун 110-чакырымында жол кырсыгы катталган. Анда Хонда (минивен) жана Хендай жеңил унаалары кагышып кетип, 6 адам жеринде каза тапкан. Ошондой эле 7 жүргүнчү оор жаракат алып, ооруканага жеткирилгени маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан