Бишкекте үч эм жарыкка келди

Бишкекте ушул жылдын 20-июнунда Шаардык перинаталдык борбордо үч эм жарыкка келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, 33 жаштагы Насипкан Эркин кызы бир уул жана эки кызды жарыкка алып келген. Ал биринчи наристесин (уулун) 1 килограмм 400 грамм салмакта төрөсө, кыздарын 1 килограмм 740 грамм жана 1 килограмм 690 грамм салмакта төрөдү.

Белгилей кетсек, ымыркайлар төрөлгөндө 3 күн жандандыруу бөлүмүндө жана интенсивдүү терапия (РИТ) шартында болушкан. Алардын абалы турукташкандан кийин 23-июнда экинчи этаптагы кам көрүү бөлүмүнө которушкан.

Ымыркайлар учурда апасынын жанында дарыланууну улантышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан