SUPER.KG порталынын эмгек жамааты жалпы мусулмандарды Курман айт майрамы менен куттуктайт.
Кымбаттуу мекендештер, Курман айт майрамыңыздар менен чын дилибизден куттуктайбыз!
Бүгүн чалган курмандыгыңыздарды Жараткан кабыл кылсын, кайрымдуулук иштериңиздерге сооп берсин. Баарыбызды жакшылык жылоолоп, ийгилик коштоп жүрсүн.
Ыйык Курман айт күнүндө мекенибизге тынчтык жана өсүп-өнүгүүнү, элибизге биримдик, бакубатчылык жана ар бир үй-бүлөгө чың ден соолук каалайбыз!