Путин куралдуу көтөрүлүштүн мизин кайтарганы үчүн аскерлерге ыраазычылык билдирди

Орусиянын Куралдуу күчтөрүнө президент Владимир Путин өз ыраазычылыгын билдирди. Бул тууралуу ал Коргоо министрлигинин жоокерлери менен болгон жолугушуусунда айтты.
Маалыматта, мамлекет башчысы куралдуу көтөрүлүштүн мизин кайтарганы үчүн аскерлерге ыраазычылык билдирип, атайын операция учурунда душмандын техникасын жок кылган жоокерлер мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланарын белгиледи. Ал контрчабуул башталгандан бери душман 259 танкын жана 780 сооттолгон техникасын жоготкондугун кошумчалады.
Мындан тышкары Путин аскер кызматкерлерине кайрылуусунда орус эли жана Куралдуу Күчтөрү козголоңчуларды колдогон жок деп билдирди. Анын айтымында, күч структураларынын иши кооптуу өнүгүүлөрдөн алыс болуп, карапайым калк арасында курмандыктарга жол берилген эмес.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан