Бүгүн, 28-июнда Бишкектеги эски аянтта миңдеген адамдардын катышуусунда Курман айт намазы окулду.
Намазга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана Марлен Маматалиев, Жалолидин Нурбаев, Эмил Токтошев баштаган бир катар эл өкүлдөрү катышты.
Анда муфтий Замир Ракиев сөз сүйлөп, Кыргызстанга жана кыргыз элине ынтымак, биримдик, тынчтык жана өнүгүү каалады.