Парижде 17 жаштагы өспүрүм полициянын огунан каза тапкандан кийин башаламандык чыкты (видео)

Кечээ, 27-июнда Франциянын борбору Париждин четиндеги Нантер шаарында 17 жаштагы өспүрүмдү полиция кызматкери өлтүрүп алгандан кийин башаламандык башталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, ал жолдо текшерүү учурунда унаасын токтотпой каршылык көрсөткөн. Мындан улам ага полиция кызматкери ок чыгарып, өспүрүм алган жаракатынан улам набыт кеткен.

Андан соң жергиликтүү тургундар полициянын имаратынын алдына чогулуп, нааразычылык акциясын уюштурушкан. Алар таштанды челектерин өрттөшүп, полиция кызматкерлерине таш ыргытышкан. Ал эми демонстрацияга чыккандарды таратуу үчүн полиция көздөн жаш агызуучу газ колдонгон. Жыйынтыгында 13кө жакын адам кармалган.

Полиция кызматкерине "атайылап киши өлтүрүү аракети" беренеси менен кылмыш иши козголуп, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилгендиги айтылат.

видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан