АКШ орус дипломаттарын чартердик каттам менен алып чыгууга макул болду

Америка кошмо штатынын Мамлекеттик департаментинин расмий өкүлү Мэттью Миллер Вашингтон чартердик каттам менен орус дипломаттарын алып чыгууга макул болгонун билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, Мюллер мындай мамиле Москвадан да күтүлүп жатканын айткан. Ал АКШ Орусия менен дипломаттар жана жүктөр үчүн атайын транспорттук миссиялар боюнча өз ара мамиле принцибин катуу карманарын белгилеп өттү.

Эскерте кетсек, буга чейин өкмөттүк отряддан Ил-96 учагы орус дипломаттарын алуу үчүн Вашингтонго учуп кеткен. Орусиянын тышкы иштер министрлиги бул чыгаруу жөнүндө эмес, иш боюнча чектөөлөр жөнүндө гана экенин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан