Бишкекте айт намазга тапанча алып келген жаран кармалды

Бүгүн, 28-июнда Бишкектеги эски аянтта Курман айтка арналган майрамдык Айт намаз учурунда травматикалык тапанчасы бар жаран аныкталды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалымдалгандай, милиция кызматкерлери отуз жаштагы Э.А. аттуу жарандын жанынан 13 милиметр калибрдеги газ травматикалык тапанча табышкан.

Ага ылайык, бул факты маалыматтардын электрондук журналына катталган. Кармалган жаран милиция бөлүмүнө жеткирилгени айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Uri24
2023-06-28 19:11:00
Намаз окуп койсо эле ыймандуу корбош керек. Азыр адамдарды тоноп, рекетчилик кылып, калп суйлоп жургондор деле намаз окуп, эки жуздуу ыймандуу болуп журушот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан