
"Манас" эл аралык аэропорту Орусияга барам дегендерге ысырык өсүмдүктөрүн алып кирбөөнү эскертти. Бул тууралуу маалыматты аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, курамында ысырык (гармала) бар чөптөр Орусиянын мыйзамы боюнча баңгизат катары эсептелгендиктен аны аталган өлкөгө алып кирүүгө болбостугун эскертти.
Ошондой эле ысырык чөптү Орусиянын аймагына алып киргендер аталган өлкөнүн Кылмыш-жаза кодекси боюнча жоопкерчиликке тартыларын белгилешти.
Белгилей кетсек, бул чөп Кыргызстанда жана Борбордук Азиянын башка өлкөлөрүндө абдан таанымал. Аны көпчүлүк учурда ырым-жырым үчүн колдонушат.