Президент Садыр Жапаров эртең, 30-июнда Ысык-Көлдүн жээгинде заманбап Асман шаарынын курулушуна старт берет. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Белгиленгендей, иш-чара УТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын эфиринде, социалдык тармактардын баракчаларында түз чагылдырылат.
Түз эфир 11:00дө башталат.
Белгилей кетсек, Асман шаарын тыштан келген инвесторлор салат. Анда 500 миңден 700 миңге чейин адам жашайт.