Ошто 1-июлдан тарта таштанды чыгаруу тарифи кымбаттайт. Бул тууралуу шаардык кеңештин токтомуна таянып, калаа мэриясынын маалымат кызматы билдирет.
Маалымдалгандай, көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлердин жашоочулары айына эми 25 сом эмес, 35 сомдон төлөйт.
Ал эми жеке турак-жайлар үчүн тариф 35 сомдун ордуна, 40 сомду түзүп калат.