Ысык-Ата районунда 12 жашар кыз каналга түшүп кетип каза тапты

Ысык-Ата районунун Төмөнкү Серофимовка айылындагы Нооруз каналынан 12 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, куткаруучуларга кечээ күнү 2011-жылы туулган К.А. аттуу өспүрүм кыз каналга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

"Жерине 4 куткаруучу жана жергиликтүү тургундар тартылып, кыздын жансыз денесин биргеликте табышып, ата-энесине өткөрүп беришти", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан