Бойдун өспөй калуусу, аз салмак менен төрөлүү, витаминдердин жана минералдардын жетишсиздиги баланын саламаттыгына коркунуч жараткан негизги көйгөйлөр. 2 жашка чейин баланы эмчек сүтү аркылуу багуу, ал эми 6 айдан баштап кошумча тамак-аш аралашмаларын берүү менен 5 жашка чейинки балдар арасындагы өлүм көрсөткүчүн 20 пайызга азайтууга болот. Эненин сүтү аркылуу бала бардык микроэлементтерди жана витаминдерди ала алат. Эмчек эмизүү баланын торолуусуна гана жардам бербестен, эненин ден соолугуна да оң таасирин тийгизет. SUPER.KG порталы бул ирет 1 жашка чейинки балдардын тамактануусу тууралуу суроолорго үй-бүлөлүк дарыгер Асел Маматовадан жооп алды.
- Ымыркайга канча айынан баштап кошумча тамак берсе туура болот?
- Негизи кошумча тамакты 6 айынан тартып бере баштаса болот. Апаларга балдарына кошумча тамак берүүдө алгач 1-2 чай кашыктан баштоосун сунуштайт элем. 2-3 жуманын ичинде көлөмүн көбөйтүп бир жеген тамагынын порциясын 150 граммга чейин жеткирсе болот. Ал эми бул бул болжол менен 10 кашыкты түзөт. 7 айдан 9 айга чейин 12 кашык, 9 айдан 11 айга чейин 15 кашык тамакты жеп калышы керек.
- Эмнеден баштоо керек? Эмнелерди берсе болот?
- Сөзүмдүн башында кошумча тамактарды киргизүүнүн максаты - баланы ныктап тойгузуу эмес, ага даамдардын, текстуралардын, түстөрдүн жана жыттардын максималдуу түрдүүлүгүн көрсөтүү экенин баса белгилегим келет. Негизи баланын биринчи кошумча тамагы ар кандай болушу мүмкүн - дан, жашылча, эт же жемиштер дегендей.
Ошол эле учурда картошка, сабиз, ашкабак, брокколи жана башка жер-жемиштерден жасалган пюрелерди берген талапка ылайык. Мындан сырткары, күрүч, гречка, жүгөрү, сулу жана башкалардан жасалган кашалар да сунушталат. Дарыгер катары 6 айдан баштап кошумча тамак абдан маанилүү экенин баса белгилегим келет. Анткени ушул айдан баштап, бала түрдүү даамдарга адаптация болуп баштайт. Азыр эмне үчүн 2-3 жаштагы балдардын көпчүлүгү тамак жебейт, анткени алардын 6 айында тамак берилип баштаган эмес. Ошондуктан эне ар бир даамды баласына татытып көрүшү керек. Бала ыйлап жатканда кошумча тамакты берген туура эмес. Ал учурда эненин дагы маанайы көтөрүңкү болгону маанилүү. Баланын курсагы ачканда биринчи эмчек сүтүн берген да туура эмес. Алгач кошумча тамакты берип, андан соң гана эмизген туура болот.
Биздин айымдар арасында балага кошумча тамак берилип баштагандан кийин, ымыркайды эмчектен чыгарып салышат. Бул такыр туура эмес. Ар бир тамактануудан кийин эмизип туруу зарыл. Себеби эненин сүтү бала үчүн тамактан кийин иче турган суусундук. Эмчек эмген баланын ичи катпайт, ичегидеги микрофлора бир калыпта сакталат.
- Күнүнө канча маал тамактанышы керек?
- Бир жашка чейинки наристе күнүнө 3 маал: эртең менен, түштө жана кечинде тамактанат. Ортодон эки жолу: эртең мененки тамактан түшкү тамакка чейин, түшкү тамактан кечки тамакка чейин шам-шум этип алууга тийиш. Бул учурда алма, банан, печенье, йогурт же айран берсеңиз болот. Андан тышкары бала сураган сайын эмизип туруу зарыл. Ал эми тамакты берерде атайын бөтөлкөлөр менен кашыктап берген жакшы экенин кошумчалагым келет.
- Кандай тамактарга чектөө коюлат?
- Жаңгак, жүзүм жана башка сыяктуу тегерек жана катуу нерселерге тыюу салынат, какап калышы мүмкүн. 3-4 жашка чейин мөмө-жемиштерди туурап берген жакшы. Чийки же толук эмес иштетилген тамактар (туздалган же чийки балык, чийки жумурткадан жасалган майонез, икра ж.б.)
- Маегиңизге рахмат! Ишиңизге ийгилик!