Париж-2024: Күрөш боюнча лицензиялык турнир Бишкекте өтөт

Күрөш боюнча Париж Олимпиадасы үчүн болгон лицензиялык мелдештердин бири Бишкек шаарында өтөт. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк күрөш уюму расмий сайтына жарыялады.

Ага ылайык, Азия чөлкөмүндөгү балбандар 4 жылда бир өтүүчү бул ири спорттук иш-чарага катышуу мүмкүнчүлүгүн Бишкекте талашышат. Ал эми Америка континенти Мексиканын Акапулько шаарында, Африка жана Океания аймагы Египеттин борбору Каир шаарында, Европа мамлекеттери Азербайжандын баш калаасы Баку шаарында күч сынашат.

Аталган мелдештерде Олимпиада оюндары үчүн жалпы 36 лицензия ойнотулат. Ал эми калган 54 лицензия Түркиянын Стамбул шаарында өтүүчү дүйнөлүк квалификациялык турнирдин жеңүүчүлөрүнө берилет. Мындан тышкары ушул жылдын 16-24-сентябрь күндөрү Белградда (Сербия) өтө турган дүйнө чемпиондугунда 90 лицензия өз ээлерин табат.

Белгилей кетсек, Жайкы Олимпиада оюндары 2024-жылы 26-июлдан 11-августка чейинки аралыкта Франциянын борбору Париж шаарында өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан