Кыргызстандык жаш куткаруучулар Азербайжандагы мелдешке катышууда (фото)

Кыргызстандык жаш куткаруучулар Азербайжандагы эл аралык мелдешке катышууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, учурда Азербайжандын Габала шаарында "Жаш куткаруучу" аталышындагы эл аралык мелдеш өтүп жатат. Ага Кыргызстандын атынан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери даярдаган курама команда катышууда.

"Мелдештин өрт эстафетасы жана тилкедеги тоскоолдуктарды жеңип өтүү түрүндө 3-орунду багындырышты. Эми алдыда издеп-куткаруу боюнча күч сынашышат", - деп жазылат маалыматта.

Мелдеш 23-июнда башталган, 3-июлга чейин уланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан