Баткен облусунун Кадамжай шаарында 8 жаштагы бала сууга агып каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, 27-июнь күнү саат 22:25 чамасында шаардагы Орозбеков көчөсүнөн өткөн Ак-Суу дарыясына 2015-жылы туулган Д.А. аттуу бала түшүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн.
Издөө иштерин жүргүзүүгө 13 куткаруучу, ИИМден 25 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылган. Жыйынтыгында саат 08:30да баланын сөөгү суудан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.