ИИМ: "Ысык-Көлдө эс алуучулардын коопсуздугу көзөмөлдө"

Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы полкунун кызматкерлери Ысык-Көлдө эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоодо. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлайт.

"Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери Чолпон-Ата шаарында жана Бостери айылында кылмыштуулуктун жана тартип бузуулардын алдын алуу, ошондой эс алууга келген меймандардын коопсуздугун камсыздоо менен кайгуулдоо иштерин жүргүзүшүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Ошол эле учурда кызматка чыгып жаткан кызматкерлерге мыйзамдуулукту бекем сактоо, жарандарга сылык, маданияттуу мамиле кылуу жана кесиптик этиканын нормаларын сактоо боюнча нускамалар ѳткѳрүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан