Жалал-Абадда мыйзамсыз иштеген 60 мечиттин тизмеси жарыяланды

Жалал-Абад облусунун аймагында мыйзамсыз иштеп жаткан 60 мечит аныкталганын УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, облус аймагындагы мечиттерди текшерүүнү уюштуруу боюнча УКМК тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ички иштер башкармалыгынын, “Кадастр", ӨКМ, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия (ДИМК) жана муфтияттын өкүлдөрүнөн турган атайын комиссия түзүлгөн.

Комиссиянын ишинин жүрүшүндө ДИМК жана муфтияттын макулдугу жок, мыйзамсыз иштеп жаткан 33 мечит Сузак районунда, Тогуз-Тородо - 7, Чаткалда - 5, Ноокенде - 5, Жалал-Абадда - 3, Аксыда - 3, Базар-Коргондо - 2, Токтогулда - 1, Майлуу-Сууда - 1 мечит аныкталган.

Булардын ичинен 11 мечит ДИМК жана муфтияттан каттоодон өтүү үчүн тиешелүү документтерин даярдаган. Ал эми калган 49 мечитти Кыргызстандын "дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзамдарына ылайык каттоодон өткөрүү сунушталган.

"Атайын комиссиянын чечимине ылайык, мындан ары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун, архитектуранын, ДИМКнын жана муфтияттын тиешелүү органдары жаңы мечиттердин курулушун жана алардын мындан аркы каттоосун көзөмөлгө алышат" деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан