Мексиканын Чиапас штатында 16 полиция кызматкери уурдалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка караганда, окуя шейшемби күнү болгон. Анда полиция кызматкерлери аскерлерди ташыган жүк ташуучу унаа менен бара жатканда жолдон куралчан адамдар тосуп, аларды кармап кетишкен.
Ал эми кечээ, 28-июнда барымтадагы полиция кызматкерлери тартылган видео социалдык тармактарда жарыяланган. Анда жабырлануучулардын бири барымтачылар кеминде үч мамлекеттик полиция кызматкерин, анын ичинде полиция командиринин орун басарын кызматтан кетирүүнү талап кылып жатканын билдирген.
Видеодо полиция кызматкерлерде зомбулуктун ачык белгилери байкалган эмес.
"Мен жана менин кесиптештерим жакшы, үй-бүлөбүз тынчсызданбасын. Экинчи жагынан, биз аларга кайтып барышыбыз үчүн губернатордон кийлигишүүсүн суранабыз. Бул үчүн үч мамлекеттик полиция кызматкерин жана командирдин орун басарын кызматтан кетишин талап кылабыз”, - деп билдирген уурдалгандардын бири.
Чиапастын коопсуздук жана жарандык коргоо министри Габриэла Сепеда Сотонун айтымында, 16 полиция кызматкери шосседе ведомстволук автобустан уурдалган. Аларды миңден ашык укук коргоо кызматкерлери издеп жатканы айтылды.
Эске салсак, Мексиканын Гватемала менен чек арасында зомбулук акыркы айларда күчөп жатат. Алсак, 19-июнда аскерлер менен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн ортосунда кагылышуу болуп, Мексиканын Улуттук гвардиясынын офицери жана бир жаран набыт болгон.