Айт намазга бара жатып көрүп калган... Араванда талаага ташталган ымыркайдын жансыз денеси табылды

Ош облусунун Араван районундагы Салтанатхан Юсупова айыл аймагында талаага ташталган ымыркайдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-июнь күнү таңкы саат 9:30 чамасында Араван РИИБине талаадан ымыркайдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя боюнча дароо териштирүү башталып, жыйынтыгында жансыз денени аталган айылдын М.М. аттуу 59 жаштагы тургуну таап алганы белгилүү болгон.

Анын айтымында, ал 28-июнь күнү таңда Курман айт намазына бара жатып, көчөдө иттер топтошуп калган жерден эркек ымыркайдын жансыз денесин көрүп калган. Андан соң аны мечитке алып келип, милиция бөлүмүнө кабар берген.

Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу, райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги жана райондук прокуратуранын жетекчилиги барган. Ыкчам тергөө тобу тарабынан окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, схемалар чийилген. Күбөлөр суракка алынган. Ымыркайдын жансыз денесине сырттан кароо жүргүзүлүп, соттук-медициналык экспертизага дайындалган. Ошондой эле, азыркы учурда окуя боюнча тергөө амалдары уланып жатканы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Аkjol18
2023-06-30 08:21:00
Суперчилер, эми силер Араван районун Жалал-Абад облусуна кошуп жибердиңерго.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан