6-июнга караган түнү орус-украин согушунун натыйжасында жарылууга дуушар болгон Украинадагы Каховка суу сактагычынын кургап калган видеосу интернетте тарап жатат.
Видеодон суу сактагычтын толугу менен соолуп калганын жана 1951-жылга чейин кыйылган мурунку колхоз бакчасынын бак-дарактарынын дүмүрлөрүн көрүүгө болот.
Белгилей кетсек, суу сактагычтын жалпы узундугу 230 чакырым, туурасы 25 чакырымга чейин экендиги такталган. Көлөмү 18,18 чакырым кубга жеткен.
Эске салсак, Каховка суу сактагычынын жарылышынан улам Херсон жана Жаңы Каховка баш болгон ондогон калктуу пункттарды суу каптаган. Херсон облусунда суу каптоодон 48 адам каза болуп, 23 миңден ашык турак жай суу алдында калган.