Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Мраморное айылында 27-июнь күнү өспүрүм балдардын өмүрүн алган жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда SUPER.KG порталына Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 27-июнь күнү саат 21:45 чамаларында Toyota Caldina унаасы Бишкек эркин экономикалык аймагына бараткан жолдогу Мараморное айылында кырсыкка кабылган. Унааны 2003-жылы туулган А.У. мас абалында башкарып бара жатып, рулга ээ боло албай, жолдун жээгиндеги бетонду сүзүп алган.
Анын кесепетинен 2009-жылы туулган Б.А., 2007-жылы туулган Н.у.Н. жана 2006-жылы туулган С.З. окуя болгон жерден жан берип, 2006-жылы туулган И.Ш. жана 2006-жылы туулган И.А. Сокулук районунун аймактык ооруканасына жаткырылган.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.