Бүгүн, 29-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары АКШнын элчиси Лесли Вигери менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирет.
Маалымдалгандай, жолугушууда Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы кызматташтыкка тиешелүү маселелер талкууланды.
Алгач "Ишеним" фракциясынын лидери Улугбек Ормонов Лесли Вигерини Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.
Муну менен катар парламенттер аралык байланышты чыңдоо зарылчылыгына токтолду. Анын ичинен тажрыйба алмашуу жана биргелешип иш алып баруу маселелерин көтөрдү.
Өз кезегинде, АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн алкагында эки өлкөнүн алакасын арттырууга басым жасаарын айтып, анын ичинен экономика, айлана-чөйрөнү коргоо жана билим берүү жаатында тийиштүү иштерди жүргүзөрүн кошумчалады.