Бүгүн, 29-июнь медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы. Бул күндү утурлай Бишкекте мэрия тарабынан майрамдык иш-чара уюштурулду.
Мэриядан билдиришкендей, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында дарыгерлердин күнүн белгилөөгө арналган иш-чара өттү.
Ага калаа мэри Эмилбек Абдыкадыров катышып, Бишкек шаарынын 145 жылдыгына карата юбилейлик медалдар менен бир катар медицина кызматкерлери сыйланды.