1-июлда Мамлекеттик салык кызматы уюштурган «Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынын чоң утушу өткөрүлөт. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Белгиленгендей, негизги иш-чара "Ала-Тоо" аянтында өткөрүлүп, анда 10 электромобиль жана Дубайга эки кишилик 3 жолдомо, катышуучулар үчүн атайын кошумча 15 смартфон да ойнотулат.
Саамалык саат 19:00дө башталат. 20.00дөн тартып утуштар УТРКда, ошондой эле Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында түз алып көрсөтүлөт.
Бүгүнкү күндө лотереяга 236 миңден ашуун адам катышууда.