Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда Дүйнө чемиондугуна даярдык көрүүдө. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматта курама команда Эл аралык мелдештерге даярдык көрүү максатында Чолпон-Ата шаарында окуу-машыгуу жыйынын өткөрүп жатканы кабарланды.
Окуу-машыгуу жыйыны 22-июнда башталган, 14-июлга чейин уланат.
Курама команданын тизмеси
- Айсулуу Тыныбекова (62 килограмм);
- Айпери Медет кызы (76 килограмм);
- Мээрим Жуманазарова (68 килограмм);
- Дилназ Сазанова, Жаркынай Нурлан кызы (65 килограмм);
- Нурзат Нуртаева, Кайыргүль Шаршебаева (72 килограмм);
- Айдай Нуридинова, Айтолкун Медет кызы, Таңчолпон Кыбалбекова, Акылай Чыныбаева, Азиза Келдибекова, Бермет Нурдин кызы, Калмира Билимбекова (57 килограмм);
- Гүлнур Таштанбекова, Элина Бакытова (69 килограмм);
- Арууке Кайыкбекова Албина Салымбекова (55 килограмм);
- Аяна Асаналиева (59 килограмм);
- Азема Калидинова (48 килограмм);
- Асема Төрөгелдиева (50 килограмм);
- Айжаркын Жаныбекова (53 килограмм);
- Рысбек Максүтов спаринг-өнөктөш;
- Икром Максат уулу спаринг-өнөктөш;
- Байгазы Кенжебаев улук машыктыруучу;
- Нурбек Изабеков башкы машыктыруучу.
Белгилей кетсек, окуу-машыгуу жыйыны Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2023-жылга карата окуу-машыгуу жыйындарынын календардык планына ылайык өткөрүлүп жатат.