Жакынкы жылдарда министрлер кабинети саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууну пландаштырууда. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров урологдордун IV эл аралык форумунда билдирди.
Акылбек Жапаров өз сөзүндө өлкө жетекчилиги саламаттыкты сактоо тармагына өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи. Ал 2010-жылы саламаттыкты сактоо тутумунун консолидацияланган бюджети 5 миллиард сом болсо, 2022-жылы 34 миллиард сом болсо, 2023-жылы 37,2 миллиард сом болорун билдирди.
«Жакынкы жылдары Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров дарыгерлердин айлыгын 35-50 миң сомго чейин көтөрүүнү көздөп жатат», - деп кошумчалады ал.