Москва шаарында "Легендарный квартал" курулушунда массалык мушташ чыкты. Бул тууралуу маалыматты Тышкы иштер министрлигинен тастыкташты.
Маалыматка ылайык, 26-июнда өндүрүштүк иштерди аткаруу учурунда подряддык уюмдардын кызматкерлеринин ортосунда чыр чыккан. Ага 10 адам катышып, алар Кыргызстан, Тажикстан, Беларусь жана Орусиянын жарандары болгон.
Соттун чечимине ылайык, чет элдик жарандарга 5 миңден 5 миң 500 рублга чейин айып пул салынган. Ал эми Тажикстандын 5 жаранына карата 7 суткага административдик камакка алуу, ошондой эле 7 чет өлкөлүк жаранга: Өзбекстандын 1 жараны, Тажикстандын 3 жараны жана Кыргыздын 3 жаран депортациялоо каралган.
Элчилик Кыргыз жарандарына зарыл консулдук-укуктук жардам көрсөтүү максатында окуянын жагдайларын аныктайт.