Кечээ, 29-июнда Түркмөнстанда "Аркадаг" шаары салтанаттуу пайдаланууга берилди. Ал аталган өлкөнүн экс-президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун туулган күнүнүн урматына ачылганын жергиликтүү басылмалар жазышты.
Белгиленгендей, ачылыш аземге өлкө башчы Сердар Бердымухамедов баштаган бийлик өкүлдөрү, чет өлкөдөн келген коноктор жана жергиликтүү эл катышты. Бирок Гурбангулы Бердымухамедов салтанатка катышкан эмес. Анын ажылык сапарга кеткени айтылган.
Аркадаг шаары - Ахал облусунун административдик борбору болуп, анын курулушу 2019-жылы башталган. Учурда курулуш иштеринин биринчи этабы аяктаган. Болжолдуу 70 миң киши жашай турган жаңы шаар борбор калаа Ашхабаддан 30 чакырым алыстыкта жайгашкан. Аянты 950 гектар.
Мында электр автобустары жана электр таксилери кызмат көрсөтөт.
Шаарды өнүктүрүүнүн 2023-жылдан 2026-жылга чейин улана турган экинчи этабынын алкагында Аркадагда тамак-аш, өнөр жай, фармацевтика жана медициналык буюмдарды өндүрүү үчүн тейлөө жана өндүрүш объекттери курулат.
Кечээ, 29-июнда Түркмөнстандын экс-президенти Гурбангулы Бердымухамедов 66 жашка чыкты. Анын "Аркадаг" - коргоочу деген наамы бар. Бул дата Түркмөнстанда кеңири масштабда белгиленди.