Ырчы Ильяз Андаш: "Туулган күнүмдө адаттагыдай эле жумушта болом"

Бүгүн, 30-июнда ырчы Ильяз Андаш 35 жашка толду. Ырчы мырзаны өздүк майрамы менен куттуктап, чыгармачылыгы тууралуу да суроо бере кеттик.

"30-июнга караган түнү саат он экиде алгачкылардан болуп жубайым жана балдарым туулган күнүм менен куттуктады. Азыр да жакын санаалаштарым улам бири чалып куттуктап жатышат. Бүгүн адаттагыдай эле жумуш, кечинде тойлорго барып кызматта болом. Эгер убакыт болсо жакындарым менен бирге кафеге барабыз. Негизи мен туулган күн өткөрбөгөндөрдүн катарын толуктайм", - деди ырчы.

Ошондой эле ал "Сагынам" деген ырдын үстүндө иштеп жатканын айтты.

"Чыгармачылыкта жаңылыктар бар. Бир жуманын ичинде "Сагынам" деген аталыштагы чыгарманы элге тартууласам деп турам", - дейт Ильяз Андаш.

"СУПЕР-ИНФО" ГЕЗИТИНЕ БЕРГЕН МАЕГИНЕН ҮЗҮНДҮЛӨР:

  • Чыгарманы өзүмө жакмайынча ырдабайм. Башкалар “хит болот, сөзү укмуш” десин, жүрөгүмө жакпаса ырдабайм. Башка ырчылардан айырмаланыш үчүн өзүңдүн табитиң болуш керек. Азыр ырчылар “тойго муну ырдаш керек турбайбы, эл муну угат турбайбы” деп элди ээрчип жатабыз. Чыгармачыл адам болгондуктан биз, тескерисинче, элди ээрчитишибиз керек. Ага жараша ырчылар билимдүү болуп, элди туура нукка биз тартып кетишибиз керек.
  • Убакытты артка кайтарууга мүмкүн болсо, окуйт элем. Мектепте, музыкалык окуу жайда окуп жатканда сабактан көп качкам. Азыр ошол учурда окуп албаганыма өтө өкүнөм. Азыр убакыт тартыш. Балдарың бар, акча табыш керек, үйгө нан алып келиш керек деп жатып окуганга убакыт жок. Ата-энем, мугалимдер “кийин өкүнүп каласың” десе, “койчу, жөн эле айтып жатасыңар” дегениме аябай өкүнөм.
  • Негизи башынан эле үй-бүлөмдү чыгармачылыкка аралаштырууга умтулган эмесмин. Ошон үчүн бийчи, ырчы, бул чөйрөдөгү кыздар менен мамиле түзгөн эмесмин. Башка чөйрөдөн табайын деп аракет кылып, келинчегимди таптым. Көчөдөн ар ким “Ильяз Андаштын кызы, аялы” дебестен, алардын кайда болбосун эл арасында эркин жүрүшүн каалайм. Алардын жашоосун рамкага салгым келбейт. Жаңы үйлөнгөндө “үйлөндүм, жумурай-журт, сиздерди келиндүү кылдым” деп келинчегим менен маек бергенбиз. Андан бери үй-бүлөмдүн телеге, гезитке чыгышын каалабайм. Кызым 18 жашка чыкканда телеге, элге чыккысы келсе ал өзүнүн иши.

Ырчы Ильяз Андаш 1988-жылы 30-июнда Каракол шаарында төрөлгөн. Аталган шаардагы Ыбрай Туманов атындагы музыкалык окуу жайынын эстрада бөлүмүн аяктаган. Ал "Кечикпе", "Жаңылуу", "Кыргыз жери", "Дүйнөдө сени сүйгөн бир адам бар" аттуу ырлары менен эл оозуна алынган.

"Дүйнөдө сени сүйгөн бир адам бар" аттуу ырынын клиби "Супер-Инфо" гезитинин версиясы боюнча “2013-жылдын супер клиби” деп табылган.
30-июндун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан