Кыргызстан хоккей боюнча дүйнөлүк рейтингде 46-орунга жайгашты. Эл аралык хоккей федерациясы (IIHF) кечээ, 29-июлда жаңыланган рейтингди жарыялады. Анда Кыргызстандын хоккей курамасы 1095 упай менен 58 мамлекеттин ичинен 46-орунду ээледи. Бул өткөн жылга карата жакшы көрсөткүч. Улуттук курама 2022-жылы 56 өлкөнүн ичинен 49-катарга жайгашкан.
Кошуна мамлекеттерди карай турган болсок Казакстан 15, Түркмөнстан 45, Моңголия 57-катардан орун алды.
Бул жолу дүйнөлүк рейтингде биринчиликти Канада ээледи. Алар быйыл Тампере (Финляндия) жана Рига (Латвия) шаарларында өткөн дүйнө чемпиондугунда жеңишке жетишкен. Ал эми экинчиде Финляндия орун алса, Орусия былтыркы 3-орунун сактап калды.
Тизменин алдыңкы ондугу төмөнкүдөй: